• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чукул билдирүү! Аба ырайы 40 градуска чейин ысык болот

Коом 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын 7нен 9-июлуна чейин кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт.

ӨКМден маалыматына ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Пикир

Оставить комментарий