• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Новопокровка айылында турак үй өрттөнүп, эркек киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Новопокровка айылында турак үй өрттөнүп, эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болгон. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий