• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош мэриясы Кытайдын Кызыл-Суу шаары менен кызматташтыкты бекемдейт

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу облусундагы Партиялык топтун катчысы, мамлекеттик активдерди көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча комиссиясынын директорунун орун басары Жоң Зиоу менен жолугушту.т Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча сүйлөшүлүп, Кытай ишкерлери тарабынан сунушталган Ош шаарынын аймагында айыл чарба техникасын чыгаруучу заводду куруу маселеси талкууланды.

Замир Юсупов Ош шаары тууралуу кыскача маалымат берип, Кытай Эл Республикасынын бир катар шаарлары менен боордош мамиле түзүлгөнүн белгилеп, өз ара байланыштарды бекемдөө максатында Ош мэриясы тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Жоң Зиоу мырза Ош шаары тууралуу жакшы ой-пикирлерин айтып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдирип, шаар бийлигинин өкүлдөрүн Кызыл-Суу шаарына чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий