• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында бекилип калган батирден 2 жана 4 жашар балдар куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Ош шаарында эшиги бекилип калган батирден эки бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Батирдин ичинде 2 жана 4 жашар балдар болгон.

Жерине келген куткаруучулар тобу 4-кабаттан 3-кабатка терезе аркылуу кирип эшикти ачып, балдарды ата-энесине өткөрүп беришти. Балдар медициналык жардамга муктаж эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары балдардын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий