• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алжирдик журналист Наср Каиди: ЖМКдагы жаңы технология деп жасалма интеллекттин ролун айтсак болот

Коом 0

Абу-Даби, 17.11.23. /Кабар/. Абу-Даби шаарындагы II глобалдык медиа конгресс өз ишин жыйынтыктады. Ага дүйнөнүн 170 өлкөсүнөн 13 миңден ашык киши катышты.

Algeria Press Service (Алжир) журналисти Наср Каиди конгресске биринчи жолу катышып жатканын айтып ал үчүн абдан пайдалуу болгонун билдирди.

“Мен Алжирдин мамлекеттик Алжир пресс-сервис теле көрсөтүүсүнөн келдим. Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында уюштурулган II глобалдык медиа конгресске катышып жатам. Бул медиа форумга көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген эксперттер, белгилүү журналисттер келишиптир. Алар медиа тармагындагы жаңы технологиялар тууралуу айтып беришип, пикир алмашуу орун алды. Бул тармактагы жаңы технология болуп жалпыга маалымдоо каражаттарында жана басмада жасалма интеллекттин ролу болуп эсептелет. Мен бул иш-чараны уюштургандарга ыраазычылыгымды айткым келет. Бул жактагы конгресске биринчи жолу катышып жатам. Иш-чара абдан маалыматтарга бай жана кызыктуу болду. Мага абдан жакты кийинки жылы дагы келгим келет”, – деди Наср Каиди.

II глобалдык медиа конгрессте жаңылыктарды жасоодо жасалма интеллекттин ролу, робот журналисттер, жалган маалыматтарды иргөө, социалдык тармактарда жаңылык жасоонун түрлөрү, кибер коопсуздук, эффективдүү контент жасоо ыкмалары деген өндүү семинарлар болду. Ошондой эле кызматташуу, тажрыйба алмашуу, материал алмашуу жана жайылтуу боюнча келишимдер түзүлдү.

Эске салсак, II глобалдык медиа конгресс Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында 14-16-ноябрь күндөрү Эмираттардын маалымат агенттиги (WAM) жана ADNEC тобу тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий