• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто 4 жаштагы бала кудукка түшүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/.Ош облусунун Араван районундагы Уйгур-Абад айылында 4 жаштагы бала кудукка түшүп кетип, каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-февралда болжол менен саат 15:00 чамасында бала үйүнүн короосунда ойноп жатып кудукка түшүп кеткен.

Куткаруучулар баланын жансыз денесин кудуктан алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий