• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте айдоочу аял 19 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө бүгүн саат 12:30 чамасында Toyota үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу (аял киши) жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын маалыматында, автоунаанын 35 жаштагы Б.Ж., аттуу айдоочусу 7-апрель көчөсү менен түндүк тарапка бара жатканда жол чийининен өтүп бараткан 19 жаштагы жигитти сүзүп кеткен.

Жабырлануучу ооруканага баруудан баш тарткан. Унаа айып унаа токтотуучу жайына киргизилген. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Кырсыктын видеосу Тelegram соцтармагынын Короче баракчасында жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий