• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Аялдардын эл аралык күнүнө карата спорттук мелдештер өттү. Жеңүүчүлөр

Аймак 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Ош шаарында кыз-келиндер командалары арасында волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Спорттук иш-чара 6-7-март күндөрү Аялдардын эл аралык күнүнө карата калк арасында спортту жайылтуу максатында өткөрүлгөн.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, кыз-келиндердин спортко кызыгып, мелдештерге катышкандыгы маанилүү экенин белгилеп, бардык катышуучуларга ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Ошондой эле Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан даярдалган диплом, Ардак грамота, кубок, медаль жана баалуу белектер менен сыйлады.

Белгилей кетсек мелдеш эки топко бөлүнүп, биринчи тайпада шаардагы бардык мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарынын, коомдук уюмдардын кызматкерлери, ал эми экинчи топто жогорку жана орто атайын окуу жайларынын студенттери күч сынашты.

Шаардык мекеме-ишканалардын командаларынын ичинен волейбол боюнча төмөндөгүлөр женишке жетти:

1-орун – “ОшИИБ”;
2-орун – “ОшБББ”;
3-орун – “Керме-Тоо” МАБ.
Студенттер арасында:
1-орун – “ОшМУ”;
2-орун – “ОшТУ”;
3-орун – “ОшМПУ”.
Шаардык мекеме-ишканалардын командаларынын ичинен стол тенниси боюнча төмөндөгүлөр женишке жетти:
1-орун - Нурзат Анаркулова (Кыргыз аэронавигация);
2-орун - Назгуль Суеркулова (Кыргыз аэронавигация);
3-орун - Динара Абдуллаева (Кыргызтелеком);
3-орун - Айжамал Тажиева (Ош ОИИБ)
Студенттик командалардын арасында алдыга суурулуп чыккандар:
1-орун - Нигора Жураева (ОшКӨЭУ);
2-орун - Уркуя Матиева (ОшТУ);
3-орун - Жумагүл Рустамова (ОшМУ);
3-орун - Эркингүл Нурланбек кызы (Ош МУ).

Пикир

Оставить комментарий