• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто чек ара кызматкерлеринин коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бир катар жетекчилер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Маалыматка ылайык, «Достук-унаажолу» козөмөл-өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстандын жарандары жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнашканы аныкталды.

2021-жылдын 19-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Достук-унаажолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунун башчысы А.Э., КР УКМК Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Ч.Н., жана ошондой эле КР УКМК чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары К.Б. кармалды. Бардык кармалгандар КР УКМК Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка жогору кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий