• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто зомбулукту жана улут аралык коркунучту алдын алууга багытталган семинар башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Бүгүн. 13-октябрдан баштап Ош облустук милициясында балдар менен иштѳѳ инспекциясынын кызматкерлери үчүн полициянын демократиялык принциптер боюнча ишмердүүлүгү, үй-бүлѳлүк зордук-зомбулукту жана трансулуттук коркунучтарды алдын алуу боюнча эки күндүк окуу-семинар ишин баштады.

Облустук милициядан билдиришкендей, окуу-семинарга облустагы райондук ички иштер бѳлүмдѳрүнүн начальниктеринин орун басарлары, балдар менен иштѳѳ боюнча инспекторлор, Милииянын кѳчмѳ кабылдамасын колдоо боюнча ассоциациясынын, коомчулуктун ѳкүлдѳрү катышууда.

Окуу-семинардын максаты полициянын демократялык принциптер боюнча ишмердүүлүгүнүн потенциалын жогорулатуу, балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу, балдарды диний экстремизм жана террозимге азгыруусу боюнча трансулуттук коркунучтардын алдын алуу, видео жана методикалык колдонмолорду таркатуу менен коргоо ордерлерин берүү, мѳѳнѳтүн узартуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча практикалык тажырыйбаларды алуу болуп саналат.

Окуу-семинар КР Ички иштер министрлигинин демилгеси жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен ѳтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий