• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент коңшу мамлекеттер менен кызматташуудагы артыкчылыктуу багыттарды белгиледи

Президент 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков коңшу мамлекеттердеги элчилерибизге алардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды айтып берди. Белгилей кетсек, президент "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилери менен кеңешме өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы Кыргызстан жакынкы кошуналар менен кызматташтыкты бекемдегенин белгиледи.

"Баардык коңшу мамлекеттерге сапар менен барып келдим. Нурсултан Назарбаев менен чек ара, соода жана башка маселелерди чечтик. Учурда Казакстан менен суу ресурстары, ветеринария, фитосанитардык тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Шавкат Мирзиеев, Эмомали Рахмон, Гурбангулы Бердымухамедов менен жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бизде жакшы мамиле түзүлдү. Башкы максат – Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны делимитация иштерин аяктоо", - деди президент.

Мындан тышкары, ал соода-экономикалык кызматташууну бекемдөө жана Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү экспорттун үлүшүн көбөйтүү иштерин жүргүзүү керектигин кошумчалады.

"Бизге Түркмөнстандын отун-энергетикалык жана инвестициялык тармактагы мүмкүнчүлүгүн пайдалануу маанилүү. Түркмөнстан-Кыргызстан-Кытай газ куур жолун куруу боюнча иш аткаруу керек. Кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланган жокпуз. Өкмөт бул багытта иштеши зарыл", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент Борбор Азиядагы элчилерге аймактык коопсуздукту камсыздоо, суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу боюнча иштерди аткарууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий