• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Президенттикке талапкерлердин чучукулак кармоосу Т.Сариевдин өтүнүчү менен жылдырылды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 19.09.17 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Айрым талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча талапкерлердин бюллетендеги кезеги боюнча чучукулак кармоосу бир нече саатка жылдырылды. Бул тууралуу журналисттерге БШК Аппаратынын жетекчиси Бакыт Жумагулов билдирди.

Ал чучукулак кармоо бүгүн конституциялык мыйзамга ылайык өтөрүн билдирди.

“Айрым талапкерлердин өкүлдөрү чучукула кармоону жылдыруу өтүнүчү маселе жаратты. Жумушчу топтун мүчөлөрү бардык өкүлдөр менен кеңешишти. Өкүлдөр талапкерлер менен кеңешүү үчүн эки саат сурашты. Чучукулак кармоо 17:00дө болот”, - деди ал.

Буга чейин талапкер Арстанбек Малиевдин өкүлү Жылдызкан Жолдошева БШК мүчөлөрү чучукулакты 24-сентябрга жылдырууга ниеттенип жатышканын билдирди. Ал бул тууралуу кимдир бирөө менен биригүүнү каалап жаткан Темир Сариевдин өкүлдөрү суранышканын белгиледи.

“Чучукулакты жылдыруу мыйзамсыз. Себеби бюллетендеги талапкерлердин тизмеси шайлоого 25 күн калганда бекитилиши керек”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий