• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттин аппараты КР президентинин инаугурациясына кете турган чыгымдар тууралуу түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 14.11.17. /Кабар/. Президенттин аппараты жаңы шайланган КР президентинин инаугурациясына кете турган чыгымдардын суммасы тууралуу түшүндүрмө берди.

ЖМКлардан түшкөн “Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына каралган 13,1 млн сом эмнеге сарпталат?” деген суроого байланыштуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет:

“Буга чейин маалымдалгандай, бул салтанатты өткөрүү боюнча КР президентинин аппарат жетекчиси Алмаз Усенов жетектеген Уюштуруу Комитети ишин баштады.

Инаугурация салтанатын өткөрүү сметасы азырынча түзүлө элек жана учурда тиешелүү ведомстволор менен макулдашуу процедуралары жүрүүдө.

Каржы министри Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Жогорку Кеңеште аталган расмий иш-чараны өткөрүүгө бюджетте каралган гана 13,1 млн сомго чейинки сумманы айтты. Президенттин иш Башкармалыгынын жана КР өкмөтүнүн маалыматы боюнча чыгымдардын суммасы кыйла аз болжонууда.

Чыгымдар сметасына бир катар иш-чаралар кирет – имараттарды даярдоо, унаа кызматтары, жабдууларды ижарага алуу, Президенттин кызматына расмий киришүүсүнө байланыштуу расмий адамдарды кабыл алуу, концерттик программа, типографиялык кызматтар жана башка расмий чыгымдар”.

Эскерте кетсек, жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 24-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий