• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Прокуратура органдарынын Ардагерлер кеңешинин конференциясы болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Күн мурун, 20-майда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда прокуратура органдарынын Ардагерлер кеңешинин конференциясы өткөрүлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, конференцияга Бишкек шаары жана Чүй облусундагы ардагерлер катышты, ал эми региондордогу ардагерлер менен онлайн видео аркылуу байланыш жүргүзүлдү.

Жыйында Ардагерлер кеңешинин башкармалыгынын төрагасын, анын мүчөлөрүн, ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо, кеңештин уставын бекитүү маселелери каралды.

Кеңештин аткаруу органы болгон башкармалыктын төрагалыгына Адис Өмүралиевдин талапкерлиги бир добуштан жактырылды. Шайланган төрага прокуратура органдарынын ардагерлерине тиешелүү көйгөйлөргө токтолуп, ардагерлердин фондун, ардагерлердин үйүн ачуу зарылчылыгы тууралуу ой бөлүштү.

Күн тартибине коюлган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынгандан кийин башкы прокурор Зулушев учурдагы прокуратура органдары тарабынан жасалып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу ардагерлерге маалымат берди.

Конференциянын жүрүшүндө ардагерлер тарабынан бир топ суроолор менен сунуштар айтылып, аларга тиешелүү жооптор алынды.

Жыйындын аягында башкы прокурор Ардагерлер кеңешине тийиштүү көңүл буруларын белгилеп, алардын мыйзамдуулуктун сакталышына кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий