• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

“Реал” клубу “Ливерпулду” 3:1 эсебинде жеңип, үчүнчү ирет Чемпиондор лигасынын кубогуна ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 27.05.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чемпиондор лигасынын 2017-18-жылкы сезонунун финалында мадридтик “Реал” менен “Ливерпуль” клубунун ортосунда беттеш болуп өттү.Украинанын Киев шаарында 27-майда болгон оюнда 3:1 эсебинде “Реал” биринчиликти илип кетти.

1-таймда кооптуу чабуулдар болгону менен эсеп 0:0 боюнча аяктады. “Ливерпулдун” чабуулчусу Мохаммед Салах менен “Реалдын” коргоочусу Карвахаль жаракат алып оюндан четтетилди.

2-таймдын 51-мүнөтүндө “Луверпулдун” дарбазачысы Лорис Кариустун катасынан пайдаланып Бензема алгачкы голду жаратты. 55-мүнөтүндө Деян Ловрендин дарбаза тарапка сүзгөн тобун Мане каршылашынын дарбазасына узатты. Оюндун эсеби 1:1ге өзгөрдү.

64-мүнөтүндө “Реалдын” чабуулчусу Гарет Бейл артка секирип тепкен тобу голго айланды. 83-мүнөтүндө Гарет Бейлдин алыстан соккон соккусу “Ливерпулдун” дарбазасынан орун алды.

Эскерте кетсек, мадридтик “Реал” клубу үчүнчү ирет катары менен Чемпиондор лигасынын чемпиону болууда.

Пикир

Оставить комментарий