• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Республикалык штаб жарандарды соцтармактарда коронавирус тууралуу фейк билдирүүлөрдү жайылтпоого чакырат

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө коронавирус инфекциясынын өлкөгө киришининин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйында белгиленгендей, 2-мартка карата республикада коронавируска чалдыккандар жок. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп, дүйнөдөгү кырдаалга байкоо салып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен байланышта болуп турушат.

Жыйындын жүрүшүндө Тышкы иштер министр министрлиги белгилегендей, Япониядагы «Diamond Princess» круиздик лайнериндеги кыргызстандыкты экинчи ирет текшеришкенде, вирус аныкталган эмес. Мекендешибиз ооруканадан чыгарылып, учурда Токио шаарында.

Штабдын мүчөлөрү эл көп жыйналган жерлерден мүмкүн болушунча оолак болууну, көп сандагы адамдар катышкан кандайдыр бир иш-чараларды чектөөнү сунушташат. Штаб ошондой эле мекендештерибизди жарандык жоопкерчиликти эстен чыгарбай, коомду тынчсыздандыра турган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого чакырат.

Республикалык штаб өлкө аймагына кирүүгө киргизилген убактылуу чектөөлөр акыркы 20 күн ичинде эпидемиологиялык абал жакшы эмес, тобокелдик жогору өлкөлөрдө болуп келген бардык чет өлкөлүк жарандарга тийиштүү экендигин түшүндүрөт. Өлкөлөрдүн тизмеси абалдын өнүгүшүнө жараша жаңыланат.

Акыркы 20 күндө тобокелдик жогору өлкөлөрдө болуп келген Кыргызстандын жарандары кайтып келгенде 14 күндүк тийиштүү карантинге алынат.

Жыйында ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөндө (аймакка киргенде) милдеттүү түрдө жалпы жарандык паспортту (чет өлкөгө чыгуучу паспорт) көрсөтүүгө тийиш. Жалпы жарандык паспорту жок жарандар, ID-карта менен өтүшөт. Жалпы жарандык паспорттун бар-жогу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук системасы аркылуу текшерилет. Мындан тышкары мындай шартта жарандар кошумча текшерүүдөн өтүшү керек. Бул убактылуу чара 2020-жылдын 1-мартынан тартып жаран кайсы өлкөдөн келгенин аныктоо үчүн киргизилди.

КР чек арасын ID-карта менен өтүүнү убактылуу чектөө буга чейин кыргызстандыктар КР мамлекеттик чек арасынан ID-карта аркылуу өтүп, Россия Федерациясына эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөдөн келгенин жашыруу аракети катталгандыгына байланыштуу. Алардын бардыгы карантинге алынган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар тапшырмалар берилген.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму коронавирус эпидемиясынын коркунуч деңгээлин «эң жогоркуга» чейин көтөргөн. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун градациясында эң жогорку деңгээл. Ошол эле учурда вирустун жайылуу жолдорун жабуу аркылуу эпидемияны токтотууга болорун белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий