• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сүлүктүдө көмүр шахтада урандынын астында калган 2 жаран куткарылды

Кырсык 0


Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Сүлүктү шаарындагы "Южный 3" шахтасында урандынын астында калган 2 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык тууралуу маалымат шахтанын кызматкерлери тарабынан 7-январда саат 19:49да түшкөн. Ыкчам түрдө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан алгач 8, андан кийин 10, жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгы жана ыкчам аракети менен кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-жылы туулган И.Х.ны, андан кийин дагы жарым саат аралыгында 1976-жылы туулган И.М аттуу жарандар аман-эсен куткарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Белгиленгендей, издеп-куткаруу иштери көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий