• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Садыр Жапаров бош убактысында эмне менен алектенерин айтып берди

Президент 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында "Казинформ" эл аралык маалымат агенттигине маек курду.

Анда журналист Кыргызстандын президенти бош убактысын кандайча өткөрөрүн сурады.

"Чынын айтсам бош убактым жок. Мынакей азыр эле келип, пресс-катчым жана кеңешчимди "силер мага бош убакыт бербей жатасыңар" деп урушуп жатам. Бирок бош убактым болуп калса эле бассейнге барам. Кудай буюрса, күн жылыганда футбол, чоң теннис ойнойм. Бирок азыр бош убакыт абдан аз", - деп Жапаров жооп берген.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барат.

Пикир

Оставить комментарий