• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаровдун өлкө соттору менен жолугушуусунан сүрөттөр

Президент 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата өлкөдөгү судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери менен кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрдү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы сөз сүйлөп, судьяларды жана сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошону менен бирге ал сот тутуму боюнча коомчулуктун адилеттүү сын-пикирлерин жаратып жаткан сот-укук системасындагы көйгөйлөрдү белгилеп, судьялар корпусунун ишмердигин сынга алды.

Президент сотторду белгиленген бардык кемчиликтерди жоюуга, сот тутумуна болгон сый-урматты калыбына келтирүү боюнча ачык-айкын жана кынтыксыз ишти камсыз кылууга чакырды.

Иш-чарага өлкөнүн бардык сот инстанцияларынан келген 400дөн ашуун судья катышты.

Пикир

Оставить комментарий