• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бактыгулов: Кыргызстандын активдери акыркы үч жылда 8 эсеге жогорулады

Коом 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. 2010-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде, тагыраагы, 10 жылга салыштырмалуу акыркы 3 жылда эле өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2 эсеге өсүп, 1 триллион 15 миллиард сомдон ашып кетти. Бул деген сөз 10 жыл бою бир орунда турганыбызды билдирет. Мындай пикирин "Кабар" агенттигине саясатчы Шерадил Бактыгулов билдирди.

Ал айтуусуна караганда, акыркы 10 жыл ички дүң продукциябыз таблицада көрүнүп тургандай киши башына 311 доллар болгон болсо, акыркы 3 эле жылда бул көрсөткүч 1900 долларга секирик жасады.

"Ал эми мамлекетибиздин активдери 10 жыл ылдый түшүп 6 миллиард сомду түзүп калган болсо, акыркы 3 жылда 46,7 миллиард сомго же 8 эсеге жогору көтөрүлүп кетти.

Элибиз бүгүнкү бийлик кандай иштеп жатканын ушундан эле жыйынтык чыгарып койсо болот", - деди Бактыгулов.

Пикир

Оставить комментарий