• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги жеке 626 медмекемени текшерди, анын 216сы лицензиясы жок иштеп келген

Ден соолук 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 626 медициналык мекемени текшерди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Аман Осмонов билдирди.

Анын айтымында, текшерилген медмекемелердин 216сынын лицензиясы болгон эмес.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында 251 ишкерге 1,5 млн сом айыппул салынган. Өз кезегинде, 332 клиника убактылуу жабылды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий