• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министринин орун басарлары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Коом 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Нурдөөлөт Базарбаев жана Улукбек Бектурганов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттукташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Министрдин орун басарлары Лидия Христановна Нарочнованы, Василий Тихонович Ковешниковду, Сагит Сабитович Сабитовду, Токон Мурасалиевичти үйлөрүнө барып куттукташты.

Алар каражат салынган конверттерди тапшырып, ардагерлерди эрдиги жана кайраттулугу үчүн, Мекенге жаркын келечек алып келгендери үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришип, бекем ден соолук, узак өмүр, тынчтык жана бакубат жашоо каалашты.

Пикир

Оставить комментарий