• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Санкт-Петербургда курулушта кыргыз жараны каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. РФнын Санкт-Петербург шаарынын Москва районунда 21-декабрь күнү болжол менен саат 22:30да бийик кабаттуу имараттын сегизинчи кабатынан бетон плиткасы кулап, үч адам көз жумган. Бул тууралуу “Невские новости” порталынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, бетондун астында калып үч мигрант каза болгон. Алардын экөө Тажикстандын бирөө Кыргызстандын жараны болгон.

Тажик мигранттардын бирөө 23 жаштагы жаран кырсык болгон жерде көз жумган, бирөө ооруканага оор абалда жеткирилип, ошол жактан каза болгон. Ал эми кыргызстандык жарандын денеси эртеси күнү бетондун астынан табылган.

Пикир

Оставить комментарий