• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сары-Жазга ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруу аракети жанданды

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Сары-Жаз суусуна ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруу аракети жандангандыгын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, учурда өлкө аймагында ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүүдө. Мамлекет бул үчүн жеңилдетилген шарттарды түздү. Кыргызстан суу ресурсунан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүнүн болгону 10%ын гана пайдаланат.

"Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулукта 6 ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети ушул кезге чейин токтоп турган.Учурда долбоорду ишке ашыруунун кадамдары башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланууда", - деди ал.

Орунбеков кошумчалагандай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтердин ордун карап чыкты. Минисрлер кабинетинин төрагасы менен бирге Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да барды.

"Минисрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барат, анын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөт", - деп кошумчалады президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий