• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Синьзян өндүрүштүк-курулуш корпусу Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууга даяр

Коом 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Башкы катчынын орун басары Мурал Абылмайин жетектеген Синьзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун делегациясы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Мурал Абылмайин башында турган кытай делегациясы менен жолугуп, инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Синьзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун 3 миллиондон ашык калкы бар айыл чарба, химия жана текстиль өнөр жайы менен алектенген 22 экономикалык зонасы бар жана Кыргызстан менен айыл чарба жана медициналык туризм жаатында кызматташууга кызыкдар жана ири долбоорлорду ишке ашырууга даяр.

Темир Сариев белгилегендей, КР Соода-өнөр жай палатасы жана Синьзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун ортосунда ишкер кеңешти түзүү боюнча макулдашуу бар экенин, анын алкагында экономикалык потенциалды өнүктүрүү зарыл.

Кытай делегациясы кыргызстандык кесиптештерин алардын өлкөсүнө келип, жеринде таанышууга жана кызматташуу үчүн жаңы байланыштарды табууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий