• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Смарт-карталар. Бишкекте коомдук унааларда жол акысын накталай төлөө кымбат болуп калат

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттун жүргүчүлөрү үчүн смарт-карталар пайда болуп, жол кирени накталай төлөө кымбатыраак болуп калат. Бул тууралуу журналисттерге мэриянын транспорт башкаруу бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жусупов билдирди.

Анын айтуусунда, жол кирени электрондук төлөө системасын киргизгенден соң, бир жолку жол кире акысы жогорулайт.

“Жакын арада тендер жарыялоо пландалууда. 2019-жылдын экинчи жарымында долбоорду ишке ашырууну пландап жатабыз. 300гө жакын валидатор жана 600гө миңге жакын смарт-карталар сатып алынат. Смарт-карталар бир нече категорияда болот: льготтук, идентификациялык, мектептик жана коомдук. 250дөн ашуун карталарды сатуучу жайлар болот”, - деп билдирди ал.

Жусупов кабарлагандай, бир жолку жол кире акысы жогорулайт, ал эми смарт-карта системасы боюнча өзгөрүүсүз бойдон калат. Мисалы, карталарды 60-70 сомго сатып алып, аны өз алдынча толтуруп турууга болот.

Долбоордун биринчи этабы троллейбустарды, экинчиси автобустарды камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий