• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сокулукта 13 жаштагы кыз жана анын 3 жашар иниси дайынсыз болууда

Коом 0

Бишкек, 07.06.23 /Кабар/. Сокулук районунда дайынсыз жоголгон жашы жете элек эжеси менен иниси изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 13 жаштагы Арзыматова Айсезим Данияровна жана 3 жаштагы Арзыматов Алинур Данияровичтин туугандары кайрылып, эже-ини 4-июнда Ново-Павловка айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип, табууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

Белгилери: бою 160-165 см, арыкчырай, ак жуумал, чачы ийининен кара,

Кийимдери: кара-боз түстөгү свитер, кара түстөгү классикалык шым, ак түстөгү спорттук бут кийим.

“Айсезим жана Алинурдун кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу)”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий