• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө катышкан кытайлык компанияларга колдоо көрсөтүлөт

Экономика 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө катышкан кытайлык компанияларга колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу палатанын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жаңы энергия булактары жаатындагы инвестициялык кызматташтыкка арналган жыйынга катышты.

Иш-чарага Кытай тараптан электрондук продукцияларды импорттоо жана экспорттоо боюнча кытай соода палатасынын аткаруучу вице-президенти Чжэн Чао, ошондой эле Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин коммерциялык кеңешчиси Ю Чжиган катышты

Кыргызстандын бизнес өкүлдөрү даяр долбоорлор менен энергетика тармагына каражат салуу сунушун айтышты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча машина куруу жана электрондук продукциянын импорту жана экспорту боюнча Кытай Соода палатасы менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Аталган документке ылайык, тараптар Кыргызстандын электр энергетикасын өнүктүрүүгө катышкан кытайлык компанияларга колдоо көрсөтүүгө милдеттенишет. Буга пландаштыруу, техникалык жаңыртуу, фотоэлектр жана шамал электр станцияларын куруу жана өнүктүрүү кирет.

Пикир

Оставить комментарий