• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту 31-октябрдан баштап жабылат

Дүйнө 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. 2018-жылдын 31-октябрынан баштап Стамбулдагы ири "Ататүрк" аэропорту жүргүнчү рейстерин кабыл албайт. Аны алмаштыра турган жаңы аэропорттун ачылышы 25-октябрга пландалган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Көрсөтүлгөн датадан баштап "Ататүрк" аэропорту кызматтык, жүк, жеке жана өкмөттүк рейстерди гана кабыл ала баштайт. Кийинчирээк аба майданы өз ишмердүүлүгүн толугу менен токтотот. Жаңы ишке кирише турган аэропорт дүйнөдөгү ири аба майдандарынын бири болот.

Жаңы аэропорттун курулушу жана "Ататүрктүн" жабылышы аны кеңейтүүгө мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу. Ал эми "Сабиха Гөкчен" аэропорту кадимки режимде иштеп жаткан кези.

Пикир

Оставить комментарий