• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

СУАР Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу каржылык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, элчи Ду Дэвэнь Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Бишкек шаарынын ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу колдоосу менен катын жолдоду.

Тилектештиктин белгиси катары Синьцзяндын Элдик Өкмөтү 100 миң доллар суммасындагы гуманитардык каржылык жардам берүүгө ниеттенүүдө.

Айбек Молдогазиев кытай тарапка аталган финансылык жардам көрсөткөндүгү, ошондой эле кыргыз тарапка көрсөтүлүүчү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди, бул эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы кеңири баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк, ынак коңшулук жана достук мамилелерди чагылдырат.

Пикир

Оставить комментарий