• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-январь күнү эртең мененки саат 10:30дан баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, чектөө аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин киргизилди.

Белгилей кетсек, Төө-Ашуунун жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий