• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түп районунда ишкердин үйүнө каракчылык менен кол салгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Түп районунда ишкерлерлердин үйүнө каракчылык менен кол салган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышкерлер ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Ысык-Көл облустук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Түп райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

2023-жылдын 31-декабрында Түп айылында болжол менен саат 05:00дө жергиликтүү тургундун үйүнө баткапчан белгисиз адамдар кирип келип, 39 жаштагы күйөөсү менен 37 жаштагы жубайынын денесине залал келтирип, акча талап кылышкан. Андан кийин кылмышкерлер күйөөсүн байлап, аялынан сейфтин ачкычын алышып, акча, телефон жана башка баалуу буюдарын ээлеп, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүүлөр Бишкек шаарынын аймагында кармалды. Кармалган жарандардын бири 1988-жылы туулган Б.Р. жасалма документ жасагандыгы үчүн РФнын аймагында издөөдө жүргөнү жана экинчиси 1987-жылы туулган О.Ф. мурда соттолгон деген маалыматтар бар. Экөө тең Түп районунун тургундары. Алар Түп райондук ИИБге жеткирилип, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.Тергөө иштери жүрүп жатат.

Кылмыштын бети милициянын ыкчам кызматтарынын ырааттуу өз ара аракеттешүүсүнүн жана натыйжалуу ишинин аркасында, ошондой эле Түп РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкеринин тергөөнүн алгачкы этабында алынган маалыматтарынын аркасында ачылды.

Пикир

Оставить комментарий