• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төрага: Балдарга камкордук кылуу – коомубуздун туруктуу өнүгүшүнүн башкы шарттарынын бири

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнү менен куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Куттуктоонун тексти;

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ардактуу бөбөктөр!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм. Ар бирибиздин жаркын, таза эскерүүлөрүбүз балалык менен байланышта экени шексиз. Анткени, алгач дүйнөнү таанып, кереметтерге чын дилден ишенип жүргөн учурда ар бир жаңы күнгө, жаңы ачылыштарга кубанабыз. Ал балалык таасирлерди өмүр бою унутпайбыз. Ошондуктан бул майрам келечек ээлеринин толук кандуу өнүгүшүнө жоопкерчилик алган улуу муун үчүн өтө маанилүү.

Балдарга камкордук кылуу – бул коомубуздун туруктуу өнүгүшүнүн башкы шарттарынын бири. Аларды коргоого алуу – алгачкы мээрим, билим жана сүйүү тартууланган, наристенин дүйнө таанымы калыптанган үй-бүлө институтуна социалдык жардам көрсөтүүдөн башталат. Айрыкча, кыйын кырдаалда жашаган мигранттардын балдары, саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер, көпчүлүктүн көңүл сыртында калган өспүрүмдөр зор камкордукка муктаж. Мындай балдарга биз биринчи кезекте көмөк көрсөтүп, аларды колдоо менен туура жашоого багыт беришибиз керек.

Менин кичинекей досторум!

Силерди дагы бир жолу Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм. Баарыңарга жаркын келечек, бекем ден-соолук жана узак өмүр тилейм. Улуулардын камкордугуна чулганып, мээримине бөлөнүп чоңое бергиле.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий