• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык күнү’’ боюнча Түрк кеңешинин башкы катчысынын билдирүүсү

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык күнү’’ боюнча Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев билдирүү таратты.

Билдирүүнүн текстин толугу менен келтиребиз:

Бүгүн Түрк дүйнөсүнүн боордоштук кызматташуусуна чоң өбөлгө түзгөн, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңешинин) саясий эркинин символу болгон Нахчиван келишиминине 11 жыл толду. Бул күн жалпы Түрк дүйнөсүнө кут болсун!

Түрк дүйнөсүндө кылымдарды карыткан тарыхый байланыштарды негиз алган жемиштүү кызматташтык башталган ушул күн, саясат, экономика, транспорт, спорт, туризм, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу кандай тармактарда өз жемишин берген күн катары, жыл сайын 3–октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык күнү катары белгиленип келет. Бул күн жалпы Түрк дүйнөсүнө кут болсун! Бул тарыхый күндө дүйнө жүзүндөгү бардык түрк элдерине өз чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерибизди, кубанычыбызды айтып, жеткирип туруу биз үчүн сыймык!

Ушул күндөн баштап, Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк, көптөгөн багыттарда кызматташтык жана мекемелердин курулушу жана дүйнө жүзүндөгү түрк элдеринин орток тарыхы, маданияты жана тили аркылуу күч алып, келечекке карай ишенимдүү кадам таштап келе жатат.

Түрк кеңеши – Түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык жападан жалгыз борбору катары, ошондой эле мамлекет башчыларынын жеке ролу, жаңы максаттары, демилгелери менен эң жогорку деңгээлдеги бирдиктүү кызматташуусунун уникалдуу аянтчасы болуп саналат.

Өткөн жылдын октябрь айында Бакуда өткөн Түрк кеңешинин 7-Саммитинен кийин, Түрк кеңеши, уюмга Өзбекстан мүчө болуп, Венгриянын байкоочу катары кириши менен дагы кыйла жемиштүү кызматташуу жараянын баштады. Будапештте Түрк кеңешинин Европа Өкүлчүлүгүнүн ачылышы менен кызматташтыктын ар кандай тармактарындагы аткарылган иштер кеңейтилип, Түрк дүйнөсүнүн интеграциясы жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

Түрк Кеңеши глобалдык пандемиядан кийин өзүнүн күн тартибиндеги планын пандемия кризисинин терс таасирлерин жоюу максатында иштеп чыкты жана бул кризиске каршы тез арада чараларды көрүүгө жетишти.

Пандемия башталганда Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешине мүчө жана байкоочу мамлекет башчыларынын кезексиз жыйыны видеоконференция аркылуу 2020-жылдын 10-апрелинде "COVID-19 ылаңы менен күрөшүүдө орток кызматташуу" деген темада болуп өттү.

Натыйжада пандемия учурунда жана андан кийинки мезгилде саламаттыкты сактоо, айыл чарба, экономика сыяктуу көптөгөн сфераларда мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташуусун өнүктүрүү максатында Түрк кеңешинин демилгеси астындагы Саламаттыкты сактоо боюнча координациялык комитет, Саламаттыкты сактоо боюнча илимий комитет, ошондо эле медицина тармагында өз ара кызматташуу багытында “Бирдиктүү камсыздоо тизмеги” түзүлдү.

Түрк кеңеши уюм катары түзүлүү процессин аяктады, мындан ары мүчөлөрү тарабынан тыгыз кызматташтыкты жана терең интеграцияны көздөгөн жаңы баскычка кадам таштады. Бул нерсе менен биз жаңы стратегиялык пландарды даярдоону улантабыз, бул пландарда Түрк дүйнөсүнүн тышкы саясат, соода, транзиттик жолдор, туризм, инвестиция, энергетика жана экономика сыяктуу ар кандай тармактардагы узак мөөнөттүү максаттары жана келечеги камтылмакчы. Ошондой эле орто жана чакан бизнес, маданият, билим берүү, жаштар саясаты, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү сыяктуу максаттарга жетүү атайын "жол картасы" иштеп чыгабыз. Биздин күн тартибиндеги Түрк кеңешинин 2025-жыл Мүдөөсү - Беш жылдык стратегиялык Планы (Vision 2025) жана Түрк Дүйнөсүнүн 2040-жыл Мүдөөсү деген программабыз Түрк кеңешинин алкагындагы кызматташтык жана орток аракеттенүүнүн жаңы демин эле көрсөтпөстөн, мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосундагы туруктуулукту сактоо, алардын ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана алардын өнүгүү потенциалын ачуу боюнча кызматташтыктын жаңы этабын ачып бермекчи.

Түрк кеңеши өзгөчө экономика, соода, бажы жана транспорт сыяктуу тармактарда кызматташуунун активдүү ролун ар дайым сактайт. 2019-жылы түзүлгөн орток Түрк соода-өнөр жай палатасынын аткарган иштери бизди кубандырат. Ошондой эле Орток Түрк Инвестициялык Фондусун биргелешип түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы этабына келдик, Бул кор биздин мамлекетте жайгашкан чакан жана орто ишканаларды колдоого жана мүчө өлкөлөрүн арасында өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө багытталат.

Түрк кеңеши мындан тышкары, өзүнүн эл аралык мамилелерине да чоң маани берип, БУУ жана анын адистештирилген мекемелери менен кошо башка эл аралык жана регионалдык уюмдар менен кызматташууну активдүү өнүктүрүп жатат.

Түрк кеңеши өзүнө жакын жана тууган уюмдар болгон ТҮРКСОЙ, ТүркПА, Түрк Аакадемиясы жана Түрк Маданияты жана Мурасы Фонду сыяктуу уюмдар менен тыгыз кызматташууга өтө чоң маани берет. Ушул аты аталган уюмдардан турган Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык уюмдарынын Координациялык Комитети Түрк дүйнөсүндөгү өз ара орток уюмдарын ортосундагы ортоктошо туура иш алып барууну жана орток аракеттенүүнү күчөтүү максатында түзүлгөн.

Кыйын кырдаалда турган боордош Азербайжан элине ушул учурда биз дагы бир жолу тилектештигибизди билдирүү менен Армения-Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалы Азербайжан Республикасынын эгемендүүлүк, эл аралык деңгээлде таанылган аймактык чек арасы жана кол тийбестигинин негизде эртерээк жөнгө салуунусу керек экендигин баса белгилейбиз.

Биздин тилектештигибизди жана биримдигибизди көрсөтүп турган ушул улуу бул күндө биз дагы бир жолу мамлекет башчыларыбызга, өкмөттөрүбүзгө жана тиешелүү мекемелеибизге, бизге көрсөткөн колдоосу жана саясий эрктүүлүгү үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Түрк Кеңеши Түрк тилдүү мамлекеттеринин мындан аркы өнүгүүсүнө жана Түрк дүйнөсүндөгү достукту жана боордоштукту чыңдоого салым кошо турган көптөгөн демилгелерди жаратуу үчүн ар дайым күч-аракетин аябайт.

Ушул маанилүү күнгө байланыштуу мүчө мамлекеттерибизди жана баардык Түрк тилдүү элдерди чын жүрөктөн куттуктоо менен бирге, жалпы Түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгы түбөлүккө жашай берсин деген чын дилдеги каалоомду айтмакчымын.

Багдад Амреев

Түрк кеңешинин башкы катчысы

Пикир

Оставить комментарий