• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тайлаков көмүргө болгон баанын жогорулашынын үч себебин санап кетти

Экономика 0

Бишкек, 11.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков көмүргө болгон баанын жогорулашынын үч себебин санап кетти.

Анын айтымында, көмүрдүн баасы казуу иштеринин кечеңдеши, көлөмдүн аздыгы жана суроо-талаптын күчөшүнөн (алып сатарлар дагы бар) улам өсүүдө.

“Бардык аймактарга көмүрдүн баасын бекитип бергенбиз. Эң жогорку баа Баткен облусунда — бир тоннасына 8 миң 500 сом, эң төмөнкү баа Нарын облусунун Жумгал районунда — 2 миң 500 сом деп белгиленген. Ал эми Бишкекте бир килограмм көмүр 5 сом 80 тыйын, базаларда казакстандык көмүр 4 миң 500 сомдон (1 тоннасы) бекиген. Бүгүнкү күнгө карата бир топ эреже бузуулар болду. Биздин агенттик 526 субъектти карап чыктык. Анын ичинен 329 учурунда мыйзам бузуу катталып, 68 учурунда бааны өздөрү коюп, өзгөртпөй турганын билдирген. Аларга айып салынды”, - дейт ал.

Тайлаков Монополияга каршы агенттигинин талаптарын аткарбаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып каралганын белгиледи.

“Эгерде бааларды өздөрү каалагандай коюп алса, анда жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат. Учурда айыптын көлөмүн көбөйтүү каралууда”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий