• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Талант Мамытов Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүү учурунда Вячеслав Володин Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин төрагасы кызмат ордуна шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.

Ошондой эле тараптар 30-ноябрда өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) кеңешинин күн тартибин талкуулап, Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик думанын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашкан.

Пикир

Оставить комментарий