• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Талас ОИИБдин кызматкерлерине боди-камералар жана планшеттер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 30.04.24./Кабар/. Ички иштер министрлиги тарабынан Талас ОИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 76 боди-камера жана планшетте тапшырылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине 19 боди-камера тапшырылды.

Тапшырылган жабдуулар ИИМдин Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна туташтырылган.

Борбордо акылдуу камералар аркылуу онлайн режиминде өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды көзөмөлдөп турушат.

Андан тышкары, милиция кызматкерлеринин бул төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга дагы мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий