• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта соцмаанидеги объектилерди курууда каражаттар максатсыз пайдаланылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Талас облусунда социалдык маанидеги объектилерди курууда бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Белгиленгендей, Турак жай-курулуш депатаментинин алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзгөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары башкы подрядчы жана башка кызыкдар тараптар менен сүйлөшүп алып, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чоң Кара-Буура айылындагы суу өткөргүч жана суу түтүктөрү объектисинин курулушу үчүн аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалоо менен, курулушка бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган.

Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза кызматынын корутундусуна ылайык, мамлекетке 1 млн 191 миң 670 сом өлчөмүндө зыян келтирилип, учурда анын орду толук толтурулду.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар адамдардын укук бузууларын аныктоо жана көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катышкандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий