• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Таласта ФАП жана 2 мечит салынып, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Талас районунун Орто-Арык айылында заманбап фельдшердик-акушердик пункт жана Талды-Булак, Манас айылдарында мечиттер салынып, пайдаланууга берилди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ФАП жана мечиттер Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековдун демилгеси менен "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин көмөгү менен салынган.

Ачылыш аземине катышкан эл өкүлү демөөрчүлөргө ыраазычылыгын айтып: “Биз жигердүү кызматташып, калк турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорду мындан ары да ийгиликтүү ишке ашыра беребиз” – деди.

Мындан тышкары, ал депутаттык ишмердүүлүгүнүн алкагында ушундай иштерди дагы улантыларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий