• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталды

Саясат 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз делегациясын – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми өзбек делегациясын Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген кеңешменин жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын учурунда эки өлкө башчысы өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү тууралуу макулдашкан, аларды жакын арада жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Айта кетсек, 22-мартта Ташиев баштаган атайын делегация кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Ташкентке кеткен.

Пикир

Оставить комментарий