• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстандын жашоочулары Интернеттин ылдамдыгы төмөндөп кеткенине даттанып жатышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Тажикстандын жашоочулары өлкөдө интернеттин ылдамдыгы кескин төмөндөп кеткенине даттанып жатышат. Мындан тышкары алар эки жумадан бери социалдык түйүндөргө, мессенджерлерге, Google, YouTube сервистерине, ошондой эле ондогон веб-сайттарга кирүүгө мүмкүн болбой жатканын билдиришүүдө.

Тажикстанда буга чейин дагы түрдүү сайттарга, интернет-ресурстарга чектөөлөр киргизилип келген. Өлкөдө айрым көз карандысыз сайттар дээрлик жарым жылдан бери ачылбайт. Буга байланыштуу жарандардын көбү чектөөлөрдү атайын программалардын жардамы менен кыйгап өтө башташкан. Бирок интернет ылдамдыгынын төмөндүгүнөн улам VPN-сервистер дагы начар иштеп жатканы айтылууда.

Өлкөнүн Байланыш кызматы ылдамдыктын азайышы чектөөлөрдү кыйгап өтүүнү каалаган адамдардын VPN-сервистерди колдонуп жаткандыгына байланыштуу экенин билдирүүдө. Ошол эле маалда мекеме өкүлдөрү сайттарга бийлик чектөө койбогонун, бул хакерлердин Бирдиктүү коммутациялык борборго жасаган чабуулдарынын жыйынтыгы экенин белгилешти. Бирок эксперттер сайттарга бийлик бөгөт коюп жатат деп эсептешүүдө.

Күн мурун ЕККУнун ЖМК маселелери боюнча өкүлү Арлем Дезир тажик бийлигин жарандардын издөө сервистерине, социалдык түйүндөргө жана жаңылыктар сайттарына чектөөсүз кирүүсүн камсыз кылууга чакырган.

Өткөн айда президент Эмомали Рахмон интернеттин тарифин жогорулатуу тууралуу Монополияга каршы күрөшүү кызматынын буйругун жокко чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий