• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Токмок шаарынын мэри үй камагына чыкты

Коом 0

Бишкек, 30.04.23. /Кабар/. Коррупцияга айыпталган Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев үй камагына чыкты.

"Кабар" агенттигине райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, күн мурун Октябрь райондук соту прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Эске сала кетсек, Самаев “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында аныкталган коррупциялык иштерге катыштыгы бар делип кармалган.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 130 млн сомдон ашат.

Пикир

Оставить комментарий