• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Туруктуу өкүл Макеев БУУнун ЮНИДО боюнча башкы директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 16.07.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-июлунда Кыргызстандын Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Төлөндү Макеев БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Башкы директору Герд Мюллер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, анда Кыргызстан менен ЮНИДОнун ортосундагы практикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери каралды.

Негизги көңүл КРнын Өлкөлүк өнөктөштүк программасын (ӨӨП) иштеп чыгууга, ошондой эле КР өкмөтүнүн ЮНИДОнун көмөгү менен Кызматташуу программасына кол коюу аркылуу зарыл финансылык ресурстарды биргелешип мобилизациялоого даярдыгына бурулду. Кызматташтык программасынын ишке кириши энергетика, жеңил өнөр жай, курулуш жана агро өнөр жай, туризм сыяктуу приоритеттүү тармактарда түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

ЮНИДОнун башкы директору Мюллер аквакультураны жана балык чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга өзгөчө кызыкдар экенин көрсөтүп, Кыргыз Республикасы менен Кызматташтык программасына эртелеп кол коюуга чоң маани берерин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга жана Кыргыз Республикасы менен ЮНИДОнун ортосундагы практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө макулдашышты.

Ошондой эле туруктуу өкүлү Макеев ЮНИДОнун башкы директорун Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Маалымат үчүн: БУУ Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) — БУУнун адистештирилген мекемеси. ЮНИДО мүчө-мамлекеттерине инклюзивдик жана туруктуу өнөр жай өнүгүшүн тездетүүгө, ошондой эле эл аралык өнөр жай кызматташтыгын илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт. Кыргыз Республикасы 1993-жылдын 8-апрелинен бери ЮНИДОнун мүчөсү.

Пикир

Оставить комментарий