• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

UFC: Валентина Шевченко кезектеги беттешин америкалык Жессика Айга каршы өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC'нин алкагындагы кезектеги беттешин америкалык Жессика Айга каршы өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдун президенти Дана Уайт билдирди, деп жазат MMAFighting.

Валентина Шевченко Жессика Ай менен беттешет. Менин оюмча, ушул чечим туура болот, – деди Дана Уайт.

Анын пикиринде, азыр Шевченконун эң татыктуу атаандашы Жессика Ай.

Азырынча Шевченко менен Жессика Ай октагондо качан жана кайсы шаарда беттешери тууралуу маалымат жок.

Эске салсак, 2018-жылдын декабрь айында Валентина Шевченко (эң жеңил салмакта - 57 кг) польшалык Йоанна Енджейчикти жеңип, UFC'нин чемпиону болду.

Жессика Ай акыркы урушунда Кэтлин Чукагянды утуп, UFC'нин рейтингинде 1-орунга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий