• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Кыргызстандыктарды Сирияга үгүттөгөн эки чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.11.17 /Кабар/. УКМК кызматкерлери Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн биринин эки жаранын кармаган. Алар эл аралык террордук топтун мүчөлөрү – 1988-жылы туулган К.В., жана 1990-жылы туулган К.Г., аттуу жарандар.

“Кармалгандар октябрь айынын башында Кыргызстанга келишкен. Алар Сирияга үгүттөө иштери менен алектенип келишкен”,-деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо жана ЖМКдын маалыматы боюнча, дээрлик 500гө жакын Кыргызстандын жарандары Сириянын жана Ирактын согуш майданында жүрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий