• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: “Саяк” жана “Мики Чор” каймана аттуу УКТнын активдүү мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 7-декабрда УКМК жана Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте «Кыргыз-Көмүр» МИнын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде эл үчүн жеңилдетилген арзан баада аныкталган №24 бөлүмдөн, «Саяк» каймана аты бар К.М. жана "Мики Чор" каймана аты бар Ж.М. аттуу Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды.

Эскерте кетсек, буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4 миң сомдон арзан баада аныктаган.

Ошентип, К.М. жана Ж.М. 2022-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.

Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий