• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК Ө.Текебаев эмне себептен кармалганына түшүндурмө берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 26-февраль /Кабар/. Мурда белгилүү болгондой, 2017-жылы 25-февралда КРнын Башкы прокуратурасы “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка тараптарга карата КРнын Кылмыш кодексинин 303-беренесинде (коррупция) жана 166-беренесинде (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон, кылмыш ишин тергөө ошол эле күнү КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгына тапшырылган. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдирди.

2017-жылы 27-февралда Ө.Текебаев Стамбулдан учуп келе жатканда “Манас” аээропортунан жогорудагы кылмыштарга шектүү катары кармалып, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМК мекемесине жеткирилди.

Азыркы учурда Ө.Текебаев УКМКнын убактылуу кармоо жайына 48 саатка камалды.

Пикир

Оставить комментарий