• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ысык-Көлдө 19 карантиндик-санитардык пост уюштурулду - ИИМ ЖКККББ

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Карантиндик жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында, Ысык-Көл ОИИБи боюнча ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлеринин күч жана каражаттарынын дислокациясы түзүлүп, ӨКМ, медицина, шаар-райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлеринен жана ыктыярдуу кошуундардан турган облус боюнча баардыгы 19 күнү-түнү менен иштеген карантиндик-санитардык посттор уюштурулуп, кызмат өтөөдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББнын) басма сөз кызматы кабарлайт.

Мындан сырткары, шаар-райондордогу эл көп чогулган аймактарда атайын фильтрациалык жана жылып жүрүүчү посттор уюштурулуп, жергиликтүү тургундарга жугуштуу оорулардын алдын алуу багытындагы тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, облустун аймагында коомдук-саясий абал да көзөмөлдөнүүдө.

Ошондой эле киргизилген “Өзгөчө кырдаал” режимине байланыштуу жарандардын күнүмдүк керектөөсүн, өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылуу максатында облустун аймагында коюлган посттордо азык-түлүк, курулуш материалдарды жана башка калктын муктаждыгын жараткан негизги товарларды камсыз кылган оор жүктүү автоунааларды тоскоолдуксуз өткөрүү иштери колго алынган.

Ысык-Көл ОИИБи боюнча ЖКККБнын карантиндик посттордо кызмат өтөп жаткан кызматкерелери атайын жугуштуу ооруларга каршы кийимдер менен камсыздалып, кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти бузбоо, жарандар менен сылык мамиледе болуу, кырдаалга байланыштуу жетекчилик тарабынан берилген тапшырмаларды убагында так аткаруу жана башка ушул сыяктуу нускамалар өткөрүлүп, аткарылыштары жетекчилик курам тарабынан үзгүлтүксүз текшерилүүдө.

22-марттан 6-апрелге чейинки аралыкта облустун аймагында баардыгы 3 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий