• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө эки маршрутканын катышуусундагы жол кырсыгынан бир адам мерт кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө эки маршрутканын катышуусундагы жол кырсыгынан бир адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-мартта саат 07:35тер чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 66-чакырымында (Сары-Ой айылы) Mercedes-Sprinter үлгүсүндөгү жолдун жээгинде токтоп турган унааны Mercedes-Sprinter унаасы сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен сүзүп алган унаанын айдоочусу (аты-жөнү такталууда) каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий