• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө катталбаган ок атуучу курал менен аңчылык кылган эки жаран аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө катталбаган ок атуучу курал менен аңчылык кылган эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 23-февраль күнү Түп РИИБне маалымат түшүп, анда белгисиз адамдар райондук борборунун четиндеги талаада мыйзамсыз ок атуучу курал менен аңчылык кылып жатканы билдирилген.

Аталган маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, аны текшерүү үчүн окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жиберилген.

Текшерүү учурунда аталган жерде аңчылык кылып жаткан эки жаран аныкталган. Алар Түп айылынын 31 жаштагы С.К. жана А.А. аттуу тургундары болуп чыгып, алардан сайлуу «ТОЗ-8» жана 12-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралдар, ошондой эле 17 даана ок-дарысы табылып алынган. Андан кийинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө, сайлуу мылтык ички иштер органдарында катталбагандыгы аныкталган.

Аталган факт Түп РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 267 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий